Бүгүн Бишкектин бир районунда муздак суу болбойт

09:00, 17 марта 2026, Бишкек - 24.kg

Бүгүн, 17-мартта саат 9:00дөн 16:00гө чейин Бишкектин бир районунда ичүүчү суу өчүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, турак жайларда, мектептерде, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана башка социалдык жана өнөр жай объектилеринде суу өчүрүлөт.

Өчүрүү аймагы төмөнкү көчөлөр менен чектелген:

  • Чыңгыз Айтматов проспектиси 93/1; 93/2; 93/3; 93/4; 93/5; 93/6;
  • Токтоналиев көчөсү 139/3; 157; 153; 153/3; 155;
  • Төлөмүш Океев көчөсү 39/3; 39/4; 39/8; 39/7; 39/6. Өчүрүү аэропорттун суу алуучу жайындагы оңдоо иштерине байланыштуу.

«Бишкексууканал» муниципалдык ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, ишканалардан жана тургундардан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.