Быйыл Бишкектеги эки сейил багы оңдоп-түзөөдөн өтөт

14:45, 16 марта 2026, Бишкек - 24.kg

2026-жылы Бишкектеги эки сейил бак оңдолот. Бул тууралуу бүгүн, 16-мартта Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин жыйынында Бишкек шаарынын мэринин орун басары Рамиз Алиев билдирди.

Анын айтымында, бул Тоголок Молдо жана Эркиндик сейил бактарга тиешелүү.

«Жаш Гвардия бульвары да кайра курулат. Шаарда 12 сейил бак жана 52 коомдук бакча бар. Биз алардын ар бирин этап-этабы менен кайра куруп жатабыз», — деп кошумчалады Рамиз Алиев.

Бир катар депутаттар сейил бактардын абалын катуу сынга алып, бак-дарактарды отургузууга жана тейлөөгө, ошондой эле жашылдандырууга комплекстүү мамиле кылууга чакырышты.