Стамбулда Кыргыз кино күндөрү өтөт

11:40, 16 марта 2026, Бишкек - 24.kg

24-26-март күндөрү Түркиянын Стамбул шаарындагы тарыхый Atlas кинотеатрында Кыргыз кино күндөрү өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Кино күндөрүнүн программасына төмөнкү тасмалар кирген:

  • режиссёр Актан Арым Кубаттын «Кара. Кызыл. Сары» тасмасы;
  • режиссёр Дастан Жапар уулунун «Качкын» тасмасы;
  • режиссёр Руслан Акундун «Бейиш 2» аттуу жаңы эмгеги.

Бул тасмаларда кыргыз коомунун турмушу, адам тагдыры, улуттук баалуулуктар жана заманбап социалдык маселелер көркөм чагылдырылган. Бул иш-чара эл аралык аудиторияга кыргыз киносунун өзгөчө стилин жана мазмунун ачып берет