24-26-март күндөрү Түркиянын Стамбул шаарындагы тарыхый Atlas кинотеатрында Кыргыз кино күндөрү өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Кино күндөрүнүн программасына төмөнкү тасмалар кирген:
- режиссёр Актан Арым Кубаттын «Кара. Кызыл. Сары» тасмасы;
- режиссёр Дастан Жапар уулунун «Качкын» тасмасы;
- режиссёр Руслан Акундун «Бейиш 2» аттуу жаңы эмгеги.
Бул тасмаларда кыргыз коомунун турмушу, адам тагдыры, улуттук баалуулуктар жана заманбап социалдык маселелер көркөм чагылдырылган. Бул иш-чара эл аралык аудиторияга кыргыз киносунун өзгөчө стилин жана мазмунун ачып берет

