10:35, 16 марта 2026, Бишкек - 24.kg
Кыргыстандын футбол биримдигинин (КФУ) жетекчилиги Таластагы жаңы 5 миң орундуу стадиондун курулушун текшерип чыкты. Футбол биримдигинин вице-президенти Дастанбек Конокбаев, башкы катчы Медербек Сыдыков жана президенттин кеңешчиси Аман Каскеримов мекемеге жумушчу сапар менен барышты.
Маалыматка ылайык, алар жаңы стадиондун курулушу менен жеринен таанышып, объекттин учурдагы абалы, курулуштун жүрүшү жана пландалган мөөнөттөр тууралуу маалымат алышты.
Иш-сапар учурунда КФБ жетекчилиги курулуш иштеринин сапатына өзгөчө көңүл буруп, объект эл аралык стандарттарга жана футболдук инфраструктурага коюлган бардык талаптарга жооп бериши абдан маанилүү экенин белгиледи.
Мындан тышкары, Талас шаарындагы № 6 мектептин аймагында жайгашкан футбол талаасын да көрүп чыгып, анын учурдагы абалы менен таанышты.
Эске салсак, стадиондун курулушунун капсуласы 2025-жылдын 9-апрелинде салынган. Курулуш иштери толук аяктагандан кийин Талас облусунда эл аралык деңгээлдеги футбол беттештерин өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бул стадион Талас шаарын өкүлчүлүк кылган «Азия» футбол клубунун үй аренасы болот. Ошондой эле жаңы стадион аймакта футболду өнүктүрүүгө, жаштарды спортко тартууга жана спорт инфраструктурасын жакшыртууга өбөлгө түзөт.