10:10, 16 марта 2026, Бишкек - 24.kg
Быйыл Бишкек шаарында чыңалуусу 6—10/0,4 кВ болгон 298 трансформатор оңдоодон өтүп, 38 жаңы трансформатор орнотулат. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, бул иштер март айынан ноябрь айына чейин жүргүзүлөт. Трансформаторлор төмөнкү райондук электр тармактарында жаңыланат:
Белгилей кетсек, Бишкек электр тармактар ишканасынын балансында жалпы 2 248 даана трансформатор бар. Жылдын аягына чейин алардын бардыгы техникалык тейлөөдөн жана оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт.