Орозо −2026: Айт намазы мечиттерде окулат. Программасы

10:05, 16 марта 2026, Бишкек - 24.kg

Орозо айт намазы мечиттерде окулат. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы Орозо айт намазынын программасын жарыялады.

Ага ылайык, 20-март Орозо айт күнү деп белгиленгендиктен Айт намазы жума мечиттерде төмөнкүдөй программанын негизинде өткөрүлөт.

  • 07:30 — 08:00 — Куран окуу;
  • 08:00 — 08:25 — Диний баяндар;
  • 08:25 — 08:30 — Айт намазын окуу тартиби жана эрежелери боюнча түшүндүрмө берүү;
  • 08:30 — Айт намазын окуу.

Белгиленгендей, тоолуу аймактардын өзгөчөлүгүнө байланыштуу, жогоруда көрсөтүлгөн убактардан бир аз айырмаланышына (жергиликтүү шарттарга жараша) уруксат берилет.