Кыргызстандын түндүгүндө төрөт көрсөткүчү кескин төмөндөдү

13:49, 13 марта 2026, Бишкек - 24.kg

Түндүк Кыргызстандагы төрөт көрсөткүчү кескин төмөндөдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин «Ишеним» жана «Ала Тоо» депутаттык топторунун биргелешкен жыйынында Медициналык жардам жана фармацевтикалык саясат бөлүмүнүн башчысы Нургүл Ибраева билдирди.

Анын айтымында, мурда республикада жыл сайын 150 миңге чейин төрөт катталчу.

«2025-жылдын аягына чейин 137 миң 982 ымыркай төрөлгөн. Бул 2024-жылга салыштырмалуу эки миңге аз. Төрөттөрдүн саны жылдан жылга азайып баратканын белгилей кетүү керек. Бул бир катар социалдык факторлорго, анын ичинде алгач бутуна туруп, андан кийин балалуу болушу керек деп эсептеген үй-бүлөлөрдүн жана аялдардын көз карашынын өзгөрүшүнө байланыштуу.

Бирок, эгерде аймактарды талдап көрсөк, Кыргызстандын түштүгүндө төрөттөрдүн саны азайган жок, ал эми түндүгүндө алардын саны кескин төмөндөдү деп айта алабыз», — деп кошумчалады ал.

Ал эми, ымыркайлардын өлүмүнүн статистикасы тууралуу суроого, ал өлкөдө мурунку жылдарга салыштырмалуу 36 пайызга азайганын жооп берди.