Айпери Медет кызы кайрадан Олимпиада чемпиону менен килемге чыгат

13:05, 13 марта 2026, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы 27-мартта Ташкент шаарында өтө турган «PWL» турниринде күч сынашат.

Маалыматка ылайык, Медет кызы Жапониянын Олимпиада чемпиону Юки Кагами менен беттешет. Буга чейин эки спортчу 4 жолу кармашып, экөө тең экиден жеңишке жетишкен.

Фото Архивден алынды. Айпери Медет кызы Олимпиада чемпиону менен килемге чыгат

Акыркы жолу 2023-жылдагы дүйнө чемпионатынын финалында жолугуп, анда Кагами жеңген.

Белгилей кетсек, Кагами 2024-жылы Париж Олимпиадасынын чемпиону болгон. Ал эми Айпери Медет кызы Париж Олимпиадасында 5-орунду ээлеп, андан кийин Азия чемпионатын жана Ислам оюндарын жеңип, дүйнө чемпионатында күмүш медаль алган.