11:43, 13 марта 2026, Бишкек - 24.kg
Президенттин Талас облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев жана Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин орун басары Талантбек Иманакун уулу «Манас Ордо» комплексинде техникалык жыйын өткөрдү. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, кеңешмеде курулуш иштеринин жүрүшү, айрым кемчиликтерди жоюу, иштерди ылдамдатуу жана курулуштун сапатын жогорулатуу маселелери талкууланды.
Учурда аба ырайынын жылышына байланыштуу курулуш иштерин эки нөөмөт менен жүргүзүү пландалууда. Мындан тышкары, комплекстин айланасын жашылдандыруу, бак-дарактарды отургузуу иштери да башталганы турат.
Азыркы учурда музейдин аянтын кеңейтүү жана имаратты бекемдөө иштери жүрүп жатат. Мурда музейдин аянты 400 чарчы метр болсо, реконструкциядан кийин ал 1200 чарчы метрге чейин кеңейтилет. Жакынкы аралыкта ички жасалгалоо иштери башталат. Музей заманбап талаптарга ылайык санариптик искусство музейи болуп жаңыланып, жаңы экспонаттар коюлат.
Курулуш иштерин ушул жылдын 31-августуна чейин жыйынтыктоо пландалууда. Себеби, быйыл өлкөнүн Эгемендүүлүк күнү Талас облусунда белгиленет.
Реконструкциянын максаты — имараттарды жөн гана оңдоп-түзөө эмес, «Манас Ордо» комплексин Борбор Азиядагы уникалдуу маданий жана технологиялык борборго айлантуу.
Ошондой эле 300 адамга ылайыкталган заманбап конгресс-холл, 1000 чарчы метрлик эки кабаттуу административдик имарат курулууда. Мурда курулган «Түлөөкана» жана «Мейманкана» объекттери да толук жаңыланууда.