Саламаттыкты сактоо министрлиги 200 тез жардам унаасын сатып алат

11:25, 13 марта 2026, Бишкек - 24.kg

Саламаттыкты сактоо министрлиги 200 тез жардам унаасын сатып алууну көздөп жатат. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин биринчи орун басары Тилек Мамадалиев Жогорку Кеңештин «Ишеним» жана «Ала Тоо» депутаттык топторунун биргелешкен жыйынында билдирди.

Анын айтымында, унаалар Дүйнөлүк банктын каржылоосу менен сатылып алынат.

«Жаңы унааларды 2026-жылдын аягына чейин сатып алуу пландалууда», — деп кошумчалады Тилек Мамадалиев.

Эскерте кетсек, тез жардам унааларынын жетишсиздиги Кыргызстандагы, айрыкча борбор калаадагы актуалдуу маселе бойдон калууда.