12:50
USD 87.45
EUR 100.98
RUB 1.10

Кадыр түн. Бул ыйык түнү эмне кылса болот жана эмне кылууга болбойт?

Ыйык Рамазан айында дүйнө жүзү боюнча мусулмандар Кадыр түндүн келишин өзгөчө толкундануу менен күтүшөт. Кадыр түн — бул ар бир момун мусулман үчүн кечирим суроо, жүрөгүн тазалоо жана жакшылык кылууга чын жүрөктөн ниеттенип, жашоодо жаңы мүмкүнчүлүктөрдү баштоо болуп саналат.

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын өкүлү Абибилла ажы Кадырбердиев 24.kg маалымат агенттигине бул түндүн өзгөчөлүктөрү тууралуу айтып берди.

24.kg
Фото 24.kg. Кадыр түн. Бул ыйык түнү эмне кылса болот жана эмне кылууга болбойт?
Кадыр түндүн маани-маңызы

Бул ыйык түн Куранда айтылат. Кадыр сүрөсүндө Кадыр түнү «миң айдан да жакшы» деп айтылат. Касиеттүү кадыр түндүн керемет өзгөчөлүктөрү менен соопторунун бир башаты — ушул түндө Курани Каримдин пайгамбарыбызга (с.а.в.) түшүрүлө баштаганы болуп саналат.

«Миң айдан да жакшы түн» деген сөздүн мааниси, бул түнү чын жүрөктөн аткарылган ибадат узак убакыт боюу аткарылган ибадаттардан жогору турат дегенди билдирет.

Кадыр түн качан белгиленет?

Ыйык Курани Карим түшүрүлө баштаган Кадыр түндүн так датасы билдирилген эмес. Мухаммед пайгамбар адамдарды ыйык айдын акыркы он түнүндө, айрыкча так эмес күндөрү, аны издөөгө үндөгөн. Ошондуктан, мусулмандар бул түндөргө өзгөчө көңүл буруп, аларды намаз окууга жана дуба кылууга арнашат.

Көпчүлүк аалымдардын (жумхур-и улама) көз карашында, орозонун 26сынан 27сине оогон кечте Кадыр түн болуу ыктымалдыгы өтө жогору. Дал ушуну назарга туткан дүйнө мусулмандары ыйык Рамазандын 27сине оогон түнү Кадыр кечин тосуп келишет.

Демек, кубаттуу көз карашка ылайык, 2026-жылдагы Кадыр түн 16-марттан 17-мартка оогон түнү белгиленет.

Ыйык түндү кантип өткөрүү керек?

Аны ибадат менен өткөрүү, уруш-талаштан, куру сөздөн жана дүнүйөлүк ызы-чуу, текебердиктен алыс болуу сунушталат. Эң маанилүүсү:

  • Кошумча намаз окугула;
  • Куран аяттарын, хадистерди жана башка диний маалыматтарды угуу керек;
  • Зикир кылгыла;
  • Аллахка чын жүрөктөн дуба кылгыла;
  • Жашооңорду ойлонуп, жакшыртууга аракет кылгыла.

Бул ыйык түндү кайда өткөрүүнү ар бир адам өз каалоосу боюнча чечет — үйдөбү же мечиттеби? Бирок аны светтик майрамга айландыруу туура эмес.

Кадыр түнү эмнеден качуу керек?

Мусулмандардын дин башкармалыгынын маалыматы боюнча, бул түнү төмөнкүлөрдү жасабоо керек:

  • Сөгүнүү жана уят сөздөрдү колдонуу;
  • ушак айтуу;
  • көңүл ачуучу жайларга баруу;
  • алкоголдук ичимдиктерди ичүү;
  • көңүл ачуучу видеолорду көрүү.

Анын ордуна, тообо кылып, үйдө же мечитте намаз окууга убакыт бөлүү керек.

Кадыр түн — бул ар бир момун мусулман үчүн кечирим суроо, жүрөгүн тазалоо жана жакшылык кылууга чын жүрөктөн ниеттенип, жашоодо жаңы мүмкүнчүлүктөрдү баштоо болуп саналат.

 Бул түндүн урматына, Жараткандан бүткүл мусулмандардын (анын ичинде биздин дагы) күнөөлөрүнүн кечирилишин тилөөбүз керек. Кадыр түндүн жакшылыктарга себеп болушун, достук, бир туугандык жана биримдик ымаласынын күчөсүн, мусулман дүйнөсүн ынтымагына жана бүткүл адамзатка түрдүү балээ-кырсыктардан алыс болуусуна багыштап дуба-тилек кылуубуз керек.

Эң көп окулган жаңылыктар