Ысык-Көлгө куйган дарыяларга 582 миң даана форель чабактары коё берилди

11:10, 13 марта 2026, Бишкек - 24.kg

Балык өнөр жайы комплекси департаментинин Тоң районундагы Аймактык аклиматташтыруу жана балык өндүрүү-өстүрүү бөлүмүнүн (станциясынын) кызматкерлери тарабынан Ысык-Көл жилингири (форель) балыгынын чабактарын Ысык-Көл көлүнө куйган дарыяларга коё берүү иш-чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу Суу чарба жана айыл чарба министрлиги билдирди.

Иш-чарага Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын өкүлдөрү, Туристтик-экологиялык милиция, Экологиялык техникалык көзөмөл кызматынын кызматкерлери, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Биология институтунун илимий адистери жана Ысык-Көл мамлекеттик коругунун кызматкерлери катышты.

Аталган иш-чаранын алкагында жалпы 582 миң даана Ысык-Көл жилингири (форель) балыгынын чабактары көлдүн балык ресурстарын көбөйтүү максатында Ысык-Көлгө куйган дарыяларга коё берилди.

Алар төмөндөгүдөй бөлүштүрүлдү:

  • Ак-Терек суусуна — 80 миң даана
  • Тоң суусуна — 150 миң даана
  • Кекилик суусу — 50 миң даана
  • Тамга суусу — 50 миң даана
  • Жети-Өгүз дарыясына — 50 миң даана
  • Каракол суусу— 50 миң даана
  • Кара-Суу — 32 миң даана
  • Жыргалаң дарыясына — 60 миң даана
  • Түп дарыясына — 60 миң даана