09:45, 13 марта 2026, Бишкек - 24.kg
Өлтүрүлгөн Ирандын Жогорку лидери Али Хаменеинин жубайы АКШ менен Израилдин Тегеранга жасаган аба соккуларынан аман калган. Бул тууралуу Ислам революциясынын гвардия корпусуна караштуу Fars маалымат агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, анын каза болгону тууралуу алгачкы маалыматтар жаңылыш болгондугу айтылат.
Аятолланын 79 жаштагы аялынын жарадар болгондон бир нече күн өткөндөн кийин каза болгондугу тууралуу мурда Ирандын мамлекеттик телеканалы Al Alam тарабынан кабарланган. Оппозициялык Iran International телеканалынын маалыматы боюнча, ал комада жаткан.
Ал учурдагы маалыматтарга ылайык, соккунун натыйжасында Али Хаменеи, анын кызы, күйөө баласы жана небереси каза болгону айтылган.