Журналист Алтынай Арстанбекова 9-майга чейин камакка алынды

16:38, 12 марта 2026, Бишкек - 24.kg

Массалык башаламандыкка чакырык таштаган материалдарды жарыялаган деп шектелген журналист Алтынай Арстанбекова камакка алынды. Бишкектин Биринчи Май райондук соту аны 9-майга чейин камакка алуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу Соттун басма сөз кызматы 24.kg агенттигине тастыктады.

Алтынай Арстанбекова 11-мартта кармалган. ИИМдин маалыматына караганда, журналист Facebook тармагында Даниэль Жоошбаев аталышындагы фейк аккаунт аркылуу өлкө бийлигин каралоого жана коомдук-саясий кырдаалды курчутууга багытталган материалдарды жарыялаганы айтылат.

10-мартта анын үйү тинтүүгө алынып, уюлдук телефондор, планшеттер, ноутбуктар, видеокамера, документтер жана тергөөгө тиешелүү башка буюмдар алынган.