Бишкекте ооган гашиши: ИИМ баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү тобун кармады

15:10, 12 марта 2026, Бишкек - 24.kg

Бишкек шаарында баңгизат сатуу менен алектенген кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-мартта ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 4-мартта «Притон» аталышындагы операциянын жүрүшүндө 1989-жылы туулган Р.А.А. аттуу жаран кармалып, тинтүү учурунда чөнтөгүнөн гашиш баңгизаты табылган.

Ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө баңгизаттарды ташуу жана сатуу менен алектенип жүргөн бул кылмыштуу топтун уюштуруучусу, 1975-жылы туулган С.Н.К. аттуу жаран аныкталып, анын үйүнөн ири көлөмдө ооган тектүү гашиш (чарс) табылып алынды.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголду.

Алынган баңгизаттар боюнча соттук-химиялык экспертизалар дайындалды. Учурда тергөө иштери улантылууда.