«Дөөлөт курулуш» курулуш компаниясынын имараттарында аудит жүргүзүлүүдө

14:35, 12 марта 2026, Бишкек - 24.kg

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги «Дөөлөт курулуш» компаниясынын имараттарында аудит жүргүзүүдө. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, министрдин биринчи орун басары Самат Жантелиев «Дөөлөт курулуш» ЖЧКсынын үлүш ээлеринин өкүлдөрү менен жолугушту.

Фото Курулуш министрлиги. «Дөөлөт курулуш» курулуш компаниясынын имараттарында аудит жүргүзүлүүдө.

Самат Жантелиев «Кудайберген» жана «Шопоков Эко Сити» турак жай комплекстеринин курулушу боюнча түшүндүрмө берип, документтерди тариздөө үчүн убакыт талап кылынарын белгиледи. Учурда жарандардын кызыкчылыгын коргоо үчүн компаниянын ишмердүүлүгүнө комплекстүү аудит жүргүзүлүүдө.

Аудиттин алкагында төмөнкү багыттар деталдуу талданууда:

  • Курулуш объектилеринин учурдагы реалдуу абалы;
  • Жүргүзүлгөн иштердин көлөмү жана каржылык агымдар;
  • Келишимдик милдеттенмелер жана үлүш ээлеринин тизмеси.

Белгилей кетсек, аталган компаниядан 4 жыл мурда турак жай сатып алган жарандар бүгүнкү күнгө чейин батирлерине ээ боло албай, иш токтоп тургандыгы боюнча бир нече жолу кайрылышкан. Министрлик тарабынан берилген эскертүүлөргө карабастан, компаниядагы каржылык көйгөйлөрдөн улам курулуш жанданган эмес. Буга чейин жарандардын кайрылуусунун негизинде компаниянын ишмердүүлүгү президенттин көзөмөлүнө алынып, Курулуш министрлигине тиешелүү тапшырмалар берилген. Мындан улам объекттерди мамлекеттин көзөмөлү менен бүткөрүү чечими кабыл алынды.