12:05, 12 марта 2026, Бишкек - 24.kg
2026-жылдын түшүмү үчүн өлкө боюнча айыл чарба өсүмдүктөрүн себүүнүн жалпы аянты 1250 миң гектарды түзөрү мерчемделген. Анын ичинен 818,0 миң гектары сугат жерлер болсо, 432 миң гектары кайрак жерлер. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда жазгы себүү өлкөнүн түштүк аймактарында (Ош, Жалал-Абад, Баткен) жана Чүй өрөөнүндө жигердүү жүрүп жатат. Ал эми Талас, Ысык-Көл жана Нарын облустарында отчеттук мезгилге карата себүү иштери баштала элек.
Негизги көрсөткүчтөр:
Кылкандуу дан эгиндери: Республика боюнча жалпы 32,6 миң га жерге себилди.
Буудай: 11,4 миң га (Ош — 5,7 миң га, Жалал-Абад — 2,5 миң га, Чүй — 1,7 миң га, Баткен — 1,5 миң га).
Арпа: 13,5 миң га (Чүй — 6,3 миң га, Жалал-Абад — 3,2 миң га, Баткен — 3,1 миң га, Ош — 0,9 миң га).
Картошка: Жалпы 2,4 миң га жерге отургузулду (Ош — 1,7 миң га, Жалал-Абад — 0,6 миң га, Баткен — 0,08 миң га).
Жашылча: Учурда Ош облусунда 5,0 га жерге себүү иштери жүрдү.
Министрлик талаа иштеринин жүрүшүнө туруктуу мониторинг жүргүзүүнү улантууда.