11:24, 12 марта 2026, Бишкек - 24.kg
Кыргызстанда кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү багытында системалуу иштер жүргүзүлүп, тармакта туруктуу өсүү динамикасы байкалууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, отчеттук мезгилде республикадагы кайра иштетүүчү өнөр жай продукциясынын жалпы көлөмүндө тамак-аш өнөр жайынын, анын ичинде суусундуктарды жана тамеки буюмдарын өндүргөн ишканалардын үлүшү 18,8 % түзгөн.
Алдын ала эсептөөлөр боюнча, 2026-жылдын январь айында айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү өнөр жай ишканалары тарабынан 8 091,6 млн сом суммасында тамак-аш азыктары, суусундуктар жана тамеки буюмдары өндүрүлгөн. Физикалык көлөмдүн индекси 113,6 % түзүп, тармакта оң динамика байкалганын көрсөтүүдө.
Кайра иштетүү өнөр жайын мындан ары өнүктүрүү максатында министрлик тарабынан 2026-жылга карата план иштелип чыгып, анын алкагында 75 кайра иштетүүчү ишкананы жана соода-логистикалык борборлорду ачуу каралган.
Бүгүнкү күндө өлкө аймагында 3 кайра иштетүүчү ишкана жана 1 соода-логистикалык борбор ишке берилди:
— «Золотой Орех» ЖЧК — кубаттуулугу 500 тонна, мөмө-жемиштерди шоктук тоңдуруу жана сактоо үчүн каралган.
Министрлик тарабынан өлкөнүн аймактарында кайра иштетүүчү ишканаларды жана логистикалык инфраструктураны өнүктүрүү боюнча иштер 2026-жылга каралган планга ылайык улантылат.