Казакстандан келген 56 тонна пияз артка кайтарылды

15:14, 11 марта 2026, Бишкек - 24.kg

Казакстандан келген 56 тонна пияз «Ак-Тилек автожолу» өткөрүү пунктунда өлкөгө киргизилген жок. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өсүмдүктөрдү карантинге алуу департаменти текшерүү учурунда жүктүн фитосанитардык сертификаты транспорттук документтерге дал келбестигин аныктаган. Буга байланыштуу ЕАЭБдин талаптарына ылайык, пияз толугу менен артка кайтарылды.

Фото Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы

Министрлик ишкерлерди фитосанитардык эрежелерди так сактоого чакырат.