13:05, 11 марта 2026, Бишкек - 24.kg
Депутаттардын кадыр-баркын министрлер же мен эмес, депутаттар өздөрү түшүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 11-мартта өлкө башчысы Садыр Жапаров Жогорку Кеңештеги жыйында эл өкүлү Эрулан Кокуловго жооп берип жатып белгиледи.
Мамлекет башчысынын айтымында, буга депутаттар өздөрү күнөөлүү.
«Депутаттардын кадырынын түшүп кетиши ар бир депутаттын өзүнөн, президенттен эмес. Майда-чүйдө маселелерди көтөрүп, болор-болбос бир нерсе менен элдин алдында уят болуп жатсаңар, эл кантип сыйлайт. Депутат деген орчундуу маселелерди көтөрүш керек», — деди Жапаров.