12:30, 11 марта 2026, Бишкек - 24.kg
Президенти 16 жашка чейинки бардык балдарга жөлөкпулдардын берилишин камсыз кылууну көздөйт. Бул тууралуу Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында билдирди.
Ал депутат Дастан Бекешевдин мамлекеттин үч жашка чейинки бардык балдарга жөлөкпул берүү чечими коомчулук тарабынан абдан оң кабыл алынганы тууралуу билдирүүсүнө жооп берип жатып айтты.
Садыр Жапаров совет доорунда үй-бүлөнүн каржылык абалына карабастан, 16 жашка чейинки балдарга жөлөкпулдар бериле турганын эске салды.
Мамлекет башчысы белгилегендей, учурда өлкө экономикасы туруктуу өсүш жолуна түшүп, бул социалдык төлөмдөрдү этап-этабы менен көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк түзүүдө. Президенттин айтымында, негизги максат балдарды колдоодо «бай-кедей» деп бөлбөстөн, жалпы камсыздоого өтүү.
«Келечекте бюджетибиз көбөйгөн сайын 16 жашка чейинки балдарга бай-кедейине карабай, баарына бирдей жөлөк пул берүүгө аракет кылабыз», — деди Садыр Жапаров.