Садыр Жапаров: «Коррупцияга каршы күрөштө бир тууганымды да аябайм»

12:11, 11 марта 2026, Бишкек - 24.kg

«Коррупцияга каршы күрөштө  бир тууганымды да аябайм», — деп билдирди бүгүн парламенттин жыйынында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров.

Анын айтымында, кандай болгон күндө да коррупцияга каршы күрөш улана берет.

«Эч кимди аябайм. Өз бир тууганым болсо да,  аны аябайм. Бирок, бир туугандарым жана балдарым мамлекеттик кызматта иштебейт, ошондуктан санаам тынч», — деди Садыр Жапаров.

Мамлекет башчысы «Сиздер, мен дагы элге убада берип, шайланып келгенбиз. Таза иштейбиз, мамлекет үчүн иштейбиз, келечекти түзүп кетебиз, коррупцияны жок кылабыз дегенбиз. Ошол үчүн берген антыбызды, ошол убадаларыбызды аткарышыбыз керек. Келечекте биздин жасай турган иштерибиз арбын. Өзүңүздөр билесиздер, жакынкы 10-15 жылда экономикасынын кирешеси боюнча 30 өнүккөн өлкөнүн катарына киребиз деп турабыз. Аны да ишке ашырышыбыз керек. Дүйнө тынч эмес, муну да көрүп турасыңар. Ошол үчүн ынтымакта жеке кызыкчылык үчүн эмес, мамлекет үчүн гана иштеп беришибиз керек», — деп кошумчалады.