Жогорку Кеңеште жаңы дайындалган министрлер ант беришти

11:30, 11 марта 2026, Бишкек - 24.kg

Бүгүн, 11-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында жаңы дайындалган министрлер ант беришти.

Ант берген министрлер:

  • Эрлист Акунбеков — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри,
  • Канатбек Чыныбаев — өзгөчө кырдаалдар министри,
  • Акыл Токтобаев — жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри,
  • Талантбек Солтобаев — транспорт жана коммуникациялар министри,
  • Гүлзат Исаматова — илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри,
  • Дамирбек Осмонов — саламаттык сактоо министри,
  • Канат Сагынбаев — эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри,

Ошондой эле УКМК төрагасы Жумгалбек Шабданбеков ант берди.

Жогорку Кеңештин жыйынына Президент Садыр Жапаров катышууда.