ЖК Канат Чыныбаевди Өзгөчө кырдаалдар министри кызматына талапкерлигин жактырды

11:13, 11 марта 2026, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңеш Канатбек Чыныбаевди өзгөчө кырдаалдар министри кызматына дайындоого макулдук берди.  Мындай чечим бүгүн, 11-мартта парламенттин жалпы жыйында кабыл алынды.

Талапкерди парламенттин жыйынында президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Бектур Зулпиев тааныштырды.

Эскерте кетсек, 10-мартта Президент Садыр Жапаров Канатбек Чыныбаевди Өзгөчө кырдаалдар министринин милдетин аткаруучу кылып дайындоо жөнүндө жарлыкка кол койгон.

Ал мурда Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары болуп иштеген.