Бишкекте кар тазалоо ишине миңден ашык жумушчу, сексенден ашык техника тартылды

10:14, 11 марта 2026, Бишкек - 24.kg

«Тазалык» муниципалдык ишканасы шаар боюнча карды тазалоо жана жолдорго туз себүү иштерин улантууда. Бул иш 11-марттын түнүнөн бери уланып жатканын Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолдордо муз пайда тоңушунун алдын алуу максатында 581 тонна техникалык туз колдонулду.

Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы
Учурда төмөнкү техникалар иштеп жатышат:
  • «МАЗ» кум-туз чачуучу унаа — 32 даана;
  • «Shacman» кум-туз чачуучу унаа — 10 даана;
  • Фронталдык жүктөгүч — 1 даана;
  • Экскаватор — 1 даана;
  • «Беларусь» тракторлору — 32 даана;
  • Универсалдуу коммуналдык машиналар (УКМ) — 5 даана.

Мындан тышкары, иштерге 20 жол жумушчусу жана миңден ашуун санитардык тазалоо кызматкерлери тартылган.