УКМКнын Чек ара кызматында кадрдык өзгөрүүлөр болду

10:05, 11 марта 2026, Бишкек - 24.kg

Президент Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Чек ара кызматындагы кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу бир катар тескемелерге кол койду.

Президенттин тескемесине ылайык, Марат Маралбаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Чек ара кызматынын директорунун биринчи орун басары жана Башкы штабынын башчысы кызматынан бошотулду.

Анын ордуна Сыдыков Мирзамир Мыктыбекович Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары — Башкы штабдын башчысы болуп дайындалды.

Андан тышкары, президенттин тескемесине ылайык, Данияр Сатимов жана Мансур Исаков Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басарлары болуп дайындалышты.

Тиешелүү кадрдык чечимдер Кыргыз Республикасынын Президентинин тескемеси менен кабыл алынды.