09:38, 11 марта 2026, Бишкек - 24.kg
2025-жылы Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук боюнча сот иштери 24 пайызга өстү. Бул тууралуу Нью-Йорк шаарында өтүп жаткан БУУнун Аялдардын абалы боюнча комиссиясынын 70-сессиясында Жогорку соттун төрагасынын орун басары Нургүл Бакирова билдирди.
Жогорку соттун маалыматына ылайык, ал өлкөдөгү гендердик саясат жана сот адилеттүүлүгү тууралуу маалымат берди.
«2025-жылы Кыргызстандын сотторунда үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу 1196 иш каралган. Бул көрсөткүч мурунку жылга салыштырмалуу дээрлик 24 пайызга көп», — деген ал өсүштү зомбулукту аныктоо деңгээлинин жогорулашы жана жарандардын сот тутумуна болгон ишениминин артышы менен байланыштырды.
Бакирова белгилегендей, аялдар менен кыздардын сот адилеттүүлүгүнө жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу — Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсүнүн стратегиялык артыкчылыгы бойдон калат.
«Биз мыйзамдарды өркүндөтүү жана аялдардын экономикалык көз карандысыздыгын колдоо багытында ишти улантабыз», — деди Бакирова.
Эскерте кетсек, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов баштаган Кыргызстандын делегациясы катышып жаткан аталган эл аралык форум 19-мартка чейин уланат. Ага дүйнөнүн 107 мамлекетинен өкүлдөр чогулуп, аялдардын укуктарын коргоо маселелерин талкуулашууда.