Бүгүн Бишкектин Ала-Арча-3 конушунда суу өчүрүлөт

08:30, 11 марта 2026, Бишкек - 24.kg

Бүгүн, 11-мартта Бишкектин Ала-Арча-3 конушунда суу өчөт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, аталган конушта суу саат 09:00дөн 17:00гө чейин токтотулат.

Суу Д-500 мм суу түтүгүндө авариялык-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлмөкчү.

Бишкек мэриясы ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт жана ишканалардан жана тургундардан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.