Бүгүн Бишкекте Кыргызстандын Универсиадасы башталат

07:45, 11 марта 2026, Бишкек - 24.kg

11-марттан 27-апрелге чейин Бишкекте Кыргызстандын Универсиадасы өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага өлкөнүн бир катар жогорку окуу жайларынан келген 2500—3000ге жакын студент катышат. Алар спорттун 15 түрү боюнча күч сынашат.

Универсиаданын расмий ачылыш аземи 12-мартта саат 15:00дө Бишкек шаарындагы «Газпром» ден соолукту чыңдоо спорт комплексинде өтөт.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги. Бишкекте Кыргызстандын Универсиадасы башталат
Мелдештер Жогорку лига жана I-лига форматында уюштурулуп, студенттер төмөнкү спорт түрлөрү боюнча таймашат:
  • Волейбол;
  • Баскетбол;
  • Футзал;
  • Ордо;
  • Тогуз коргоол;
  • Шахмат;
  • Жеңил атлетика;
  • Оор атлетика;
  • Эркин күрөш;
  • Грек-рим күрөшү;
  • Самбо;
  • Дзюдо;
  • Бокс;
  • Кыргыз күрөшү;
  • Стол тенниси.