15:30, 10 марта 2026, Бишкек - 24.kg
Чыныбаев Канатбек Койчубекович өзгөчө кырдаалдар министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Өзгөчө кырдаалдар министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Чыныбаев Канатбек Койчубековичтин талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.
Канатбек Чыныбаев мурда Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары болуп иштеген.
Бүгүн, 10-мартта Урматбек Шамырканов Өзгөчө кырдаалдар министри кызматынан алынды.