Мыктыбек Илебаев «Учур» жаштар театрынын директору болду

15:23, 10 марта 2026, Бишкек - 24.kg

Мыктыбек Илебаев «Учур» мамлекеттик жаштар театрынын директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Тиешелүү буйрукка ылайык, ал 2026-жылдын 10-мартынан тартып 3 айлык сыноо мөөнөтү менен эмгек келишиминин негизинде ишке киришти.

Маданият министрлигинин басма сөз кызматы. Мыктыбек Илебаев «Учур» жаштар театрынын директору болду
Мыктыбек Илебаев жогорку юридикалык билимге ээ. «Дастан» технологиялык университетин бүтүргөн. Ал буга чейин «Учур» театрынын директорунун орун басары жана А. Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинин башкы директорунун орун басары кызматтарында эмгектенген.

Мамлекеттик жана коомдук уюмдарда башкаруу жана юридикалык багытта көп жылдык тажрыйбасы бар.