13:09, 10 марта 2026, Бишкек - 24.kg
Шайлоо жана референдумдар боюнча борбордук комиссияга Жогорку Кеңештин депутаты Куванычбек Конгантиевден мөөнөтүнөн мурда мандатын тапшырууга арыз жазды. Депутат бул маалыматты 24.kg агенттигине тастыктады.
Анын арызы БШКнын 10-марттагы жыйынында каралат.
Конгантиев Жогорку Кеңешке 13 миң 379 добуш алып, № 21 округ боюнча шайланып келген.
Ал «Эл үмүт Ата Журт» депутаттык тобунун мүчөсү, Өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетика комплекси, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасы болуп иштеди.
Дагы мурда төмөнкүлөр депутаттык мандаттарын тапшырышкан:
Мындан тышкары, депутат Жанар Акаев Ош шаарынын мэри болуп дайындалгандыгына байланыштуу мандатынан баш тарткан.