Бишкектеги Ак-Бата конушунда 650 орундуу жаңы мектеп курулат

12:51, 10 марта 2026, Бишкек - 24.kg

Бүгүн, 10-мартта Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Бишкек шаарынын Свердлов районуна караштуу Ак-Бата конушунда 650 орундуу жаңы мектептин курулушуна мезгил кутусун салды.

Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, Жогорку Кеңештин депутаттары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү жана конуштун тургундары катышты.

Министр өз сөзүндө билим берүү инфратүзүмүн өнүктүрүү мамлекеттин артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгилеп, жаңы мектептин курулушу Ак-Бата конушундагы окуучулар үчүн сапаттуу жана ыңгайлуу шарттарды түзөрүн айтты. Ошондой эле ал мектептердин жетишсиздигин жоюу жана окуучуларды заманбап шарттагы билим берүү мекемелери менен камсыз кылуу багытындагы иштер активдүү жүрүп жаткандыгын белгилеп, мындан ары да улантыларын кошумчалады.

Долбоорго ылайык мектептин жалпы аянты — 5300,33 чарчы метр. Ал эми жер участогунун аянты −1,08 га. 650 орундуу мектеп заманбап шарты менен 3 блоктон туруп, эки кабаттуу болуп курулат.

Белгилей кетсек, аймактын сейсмологиялык шартын эске алып, имараттын конструкциясын 9 баллдан жогору туруктуулукка ылайыктап күчөтүү каралган. Ошондой эле жер кыртышынын татаалдыгынан улам 8,8 метр тереңдикке чейин жер казылып, пайдубалы өзгөчө ыкма менен бекемделет.

Курулуш иштери Курулуш министрлиги тарабынан көзөмөлдөнүп, «ГрадСтройРесурс» ЖЧКсы тарабынан жүргүзүлөт.