12:09, 10 марта 2026, Бишкек - 24.kg
Чүй облусунун Аламүдүн районунун прокуратурасы жер мыйзамдарын текшерүү учурунда 2006-жылы Таш-Дөбө айылдык муниципалитетинде жайгашкан 10,72 гектар жер тилкеси жеке адамдарга мыйзамсыз сатылганын аныктады. Бул тууралуу КР Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жыйынтыгында прокурордук жооп актысы түзүлүп, анын натыйжасында 9 миллиард 161 миллион 526 миң 400 сомдук жер тилкеси мамлекеттик баланска кайтарылган.