ЖК комитети БШКнын курамын кыскартуу боюнча мыйзам долбоорун жактырды

11:52, 10 марта 2026, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана регламент боюнча комитети «Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" жана «Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоорлорун биринчи окууда карап чыгып, жактырды.

Мыйзам долбоорун төрага Марлен Маматалиев, Талант Мамытов, Акылбек Түмөнбаев, Дастанбек Жумабеков, Нурбек Сыдыгалиев, Талайбек Масабировдор демилгелеген.

Депутат Нурбек Сыдыгалиевдин айтымында, мыйзам долбоорлору шайлоолорду жана референдумдарды ыкчам жана сапаттуу өткөрүү үчүн Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) курамын оптималдаштыруу жана аны түзүү тартибин өркүндөтүү максатында иштелип чыккан. Долбоордо БШКнын мүчөлөрүнүн санын 12ден 8ге чейин кыскартуу сунушталууда.

Сыдыгалиев экинчи окууда БШКнын курамын 8 мүчөдөн түзүүнү караган өзгөртүү сунушталарын кошумчалады.

Талкуу учурунда депутат Дастан Бекешев мыйзам долбоорунда БШК мүчөлөрүнө карата так критерийлерди жана талаптарды жазуу зарылдыгын белгиледи.

Шайназаров мыйзам долбоорунда сунушталган комиссиянын түзүмү шайлоо процессинин ачыктыгын жана натыйжалуулугун камсыз кылууга мүмкүндүк берерин айтты.

Жыйынтыгында Жогорку Кеңештин депутаттары мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырышты.