Нарын -Жаңы-Жол унаа жолу убактылуу жабылды

11:34, 10 марта 2026, Бишкек - 24.kg

8-мартта саат 17:45 чамасында Нарын — Жаңы-Жол унаа жолунун Жаңы-Жол тилкесинде тоодон шагыл аралаш таш кулап, жолдо кооптуу абал жаралган. Бул тууралуу «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Тиешелүү комиссиянын текшерүүсүнөн кийин бул аймакта таш кулоо коркунучу жогору экендиги аныкталып, жарандардын коопсуздугун камсыздоо максатында жолду убактылуу жабуу чечими кабыл алынды.

Фото

Алдын ала маалымат боюнча, кооптуу тилкеге темир-бетон блоктор орнотулуп, коргоо иштери болжол менен 10 иш күндүн ичинде жүргүзүлөт.

Унаалардын кыймылы Бишкек — Нарын — Торугарт (эски жол) унаа жолу аркылуу уюштурулат. Мекеме жарандардан жана айдоочулардан коопсуздук талаптарын сактоону жана көрсөтүлгөн альтернативдүү жолду пайдаланууну өтүнөт.