Орозо −2026: Ыйык Рамазандын акыркы 10 күндүгү башталды

10:45, 10 марта 2026, Бишкек - 24.kg

Ыйык Рамазандын акыркы 10 күндүгү башталды. Ыйык Рамазан айынын акыркы 10 күнүнүн өзгөчөлүгү эмнеде?

1. Дал ушул акыркы 10 күндүктө Куран китеби түшүрүлгөн. «Бакара» сүрөсүнүн 185-аятында:

"Рамазан айы, бул айда адамдарга туура жол болуп, ушул туура жолдун жана жакшы менен жаманды ажыратуучунун ачык далилдери болуп (көрсөтүлүп) Куран түшүрүлдү",-деп баяндалат.

2. Дал ушул акыркы 10 күндүктө Кадыр Түн катылган. Пайгамбарыбыз:

"Кадыр түндү Рамазандын акыркы 10 күндүгүндө так сандардан издегиле«,- деген.

Ал эми бул түндүн кадыры Куранда миң айдан артык деп таасын баяндалат. Тагыраагы, Кадыр Түнү жасалган ибадаттар 83 жыл жана 4 ай бою жасалгандай көбөйтүлөт.

3. Итикаф (мечитте жалгыздануу). Пайгамбарыбыз Мухаммед (Алланын ага салам-салаваттары болсун) жана анын сахабалары мечитте жалгызданып, Жаратканга кайрылып, күнөөлөрүнүн кечирилишин сурашкан.

Ишенимдүү хадистердин биринде Аиша (Аллах андан ыраазы болсун) мындай деп баяндайт:

«Пайгамбар (Алланын ага салам-салаваттары болсун) Рамазан айынын акыркы 10 күндүгүндө төшөгүн жыйыштырып, аны бөлмөнүн бурчуна коюп, мечитте Жаратканга сыйынчу. Пайгамбарыбыздын көзү өткөн соң анын жубайлары да ушундай кылышкан» (Бухари, Муслим)