10-мартка карата аба ырайы

17:30, 09 марта 2026, Бишкек - 24.kg

Эртең, 10-мартта түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт. Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлерде туман түшөт.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн −1...+4, күндүз 0...5;

Таласта түнкүсүн −1...+4, күндүз 0...5;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 1...6, күндуз 4...9;

Ысык-Көлдө түнкүсүн −2...+3, күндуз 8...13;

Нарында түнкүсүн −3...+2, күндүз 3...8.

Бишкекте түнкүсүн 0...2°, күндүз 2...4° жылуу болот.