15:05, 09 марта 2026, Бишкек - 24.kg
Кыргызгидромет кызматы аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.
Ага ылайык 10-11-мартта Кыргызстандын аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. 10-мартта мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы, 11-мартта мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясында 19-24 метрге жетиши күтүлөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт.
Абанын температурасынын төмөндөшү (11-12-март):
Чүй өрөөнүндө: Түнкүсүн −8...-13°, күндүз −1...-6°;
Талас өрөөнүндө: Түнкүсүн −8...-13°, күндүз −2...-7°;
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында: Түнкүсүн −4...-9°, күндүз −1...+4°;
Ысык-Көл ойдуңунда: Түнкүсүн −7...-12°, күндүз −3...+2°;
Нарын облусунда: Түнкүсүн −11...-16°, күндүз −2...-7°;
Тоо этектеринде: Түнкүсүн −10...-15°, күндүз −2...-7°;
Тоолуу райондордо: Түнкүсүн −11...-16°, күндүз −8...-13°;
Суусамыр өрөөнүндө: Түнкүсүн −17...-22°, күндүз −8...-13°;
Бийик тоолуу райондордо: Түнкүсүн −23...-28°, күндүз −6...-11°.
Мындай туруксуз аба ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат. Катуу жаан-чачын учурунда жолдордо көрүү аралыгы төмөндөп, унаалардын кыймылын татаалдаштырат.