Айыл чарба министринин эки орун басары кызматынан бошотулду

14:05, 09 марта 2026, Бишкек - 24.kg

Суу чарбасы, айыл чарбасы жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин эки орун басары кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрлер кабинетинин төрагасы кол койгон тескемеге ылайык Бектен Бекболотов (өз арызы боюнча) жана Жаныбек Керималиев кызматынан бошотулду.

Фото Интернеттен алынды. Айбек Шаменов

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон дагы бир тескеме менен Айбек Шаменов министрдин орун басарларынын бири болуп дайындалды. Ал буга чейин президенттин Баткен облусундагы өкүлү болуп, 2024-жылдын декабрынан бери иштеп келген. Ага чейин ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары болгон.