13:04, 09 марта 2026, Бишкек - 24.kg
Кыргызгидромет кызматы катуу шамалга байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.
Ага ылайык, жакынкы бир саат аралыгында жана күндүз Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал күтүлүүдө.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши мүмкүн.