Кыргызстан беш жылда 141 тонна алтын казып алды

11:45, 09 марта 2026, Бишкек - 24.kg

Кыргызстан беш жылда 141 тонна алтын казып алды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Асел Раимкулова Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, 2020-жылга чейин жылдык алтын өндүрүү 15 тоннаны түзгөн.

«2021-2025-жылдары өндүрүш 26 тоннага чейин өскөн. Акыркы беш жылда жалпысынан 141 тонна алтын казылып алынган», — деп белгиледи Асел Раимкулова.