Кыргызстанда түнү 3,0 баллга жеткен жер титирөө катталды

09:12, 09 марта 2026, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда түнү болжол менен 3,0 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди.

Маалыматка ылайык, жер титирөө 9-мартта саат 3:51де болгон.

Жер титирөөнүн очогу Нура айылынан 16 чакырым түштүк-батышта, Кыргызстан аймагында болгон.

Калк жыш жайгашкан аймактарда жер титирөөнүн күчү сезилген эмес.