Бишкекте «Үмүт» кинофорумунун жеңүүчүлөрү аныкталды

08:30, 09 марта 2026, Бишкек - 24.kg

Бишкекте КМШ өлкөлөрүнүн жаш кинематографисттеринин XIII Эл аралык «Үмүт» кинофоруму аяктады. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, форумдун алкагында 38 тасма көрсөтүлүп, мастер-класстар жана кинодолбоорлордун питчинги уюштурулду.

Маданият министрлигинин басма сөз кызматы. «Үмүт» кинофорумунун жеңүүчүлөрү аныкталды
Жабылуу аземинде эл аралык конкурстун «Эң мыкты фильм» сыйлыгы армениялык режиссёр Лия Карапетяндын «Чайки над Голгофой» тасмасына, ал эми «Эң мыкты режиссёр» сыйлыгы азербайжандык Нурлан Хасанлинин «Ранние чувства» фильминe берилди.

Улуттук конкурста башкы сыйлык Толомуш Жаныбековдун «Балык» тасмасына ыйгарылып, «Эң мыкты режиссёр» наамын Данияр Абиров («Обончу») алды.

Питчингде «Ты и Я» долбоору «Кыргызфильм» киностудиясынын колдоосуна ээ болуп, «Соучастник», «Ультразвук» жана «Жест» долбоорлоруна каржылык колдоо көрсөтүлдү.