Катардан атайын каттам менен 166 жаран Бишкекке келди

08:00, 09 марта 2026, Бишкек - 24.kg

Катардын Доха шаарында круиздик лайнерден чыгарылган Кыргызстандын 166 жараны мекенине кайтып келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, учак «Манас» эл аралык аэропортуна конду.

Катарда круиздик лайнерде калып калган кыргыз жарандары коопсуз коридор аркылуу Сауд Аравияга автобустар менен жеткирилген. Андан соң кыргызстандыктар Эр-Рияд аркылуу атайын каттам менен Бишкекке алып келинди.

ТИМ
Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын жарандарын коопсуз эвакуациялоону камсыз кылган ар тараптуу көмөгү, уюштуруунун жогорку деңгээли жана конструктивдүү өз ара аракеттенүүсү үчүн Катар жана Сауд Аравия өкмөттөрүнө терең ыраазычылыгын билдирди.

Министрликтен белгилешкендей, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасын аткаруу максатында Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү менен биргеликте Жакынкы Чыгыштан жарандарды эвакуациялоо иш-чараларын уюштуруу улантылат.