15:15, 06 марта 2026, Бишкек - 24.kg
Президент Садыр Жапаров үч жашка чейинки бардык балдарга бериле турган «Бала ырысы» аттуу жаңы мамлекеттик жөлөк пулду киргизүү тууралуу жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, төлөмдөр 2026-жылдын 1-июлунан тартып бериле баштайт. Бул жөлөк пул үй-бүлөнүн кирешесине карабастан, үч жашка чейинки ар бир балага ай сайын 1200 сом өлчөмүндө төлөнөт.
Мамлекет башчысы бул чечим жарандардын көптөгөн кайрылууларына жооп катары кабыл алынганын жана баланын өнүгүүсүнүн эң маанилүү мезгилинде үй-бүлөлөрдү колдоого багытталганын белгиледи. Садыр Жапаров өз сөзүндө төмөнкүлөргө өзгөчө токтолду:
«Мамлекет башчысы катары мен мамлекеттик жөлөк пулдар системасына байланышкан көптөгөн арыз-даттануулар түшүп жатканын көрүп жатам. Көп учурда жөлөк пул алуу дээрлик өтө албай турган тоскоолдуктарга айланып кетет. Энелердин басымдуу бөлүгүнүн чыныгы муктаждыктары көбүнчө көңүл сыртында калууда. Үй-бүлөлөр мамлекеттен жардам сурап кайрылышат, бирок колдоо алуунун ордуна баш тартууларга жана бүтпөгөн бюрократиялык жол-жоболорго туш болушат.
Айрыкча эмчектеги ымыркайларга тийиштүү болгондо мындай жагдайлар таптакыр жол берилгис. Адамдын эң негизги физикалык жана акыл-эс жөндөмдөрү жашоосунун дал ушул алгачкы жылдарында калыптанат жана өмүр бою сакталып калат.
Ошондуктан бүгүнкү жарлыгым менен министрлер Кабинетине «Бала ырысы» аттуу жаңы жөлөкпулду киргизүү тартибин иштеп чыгууну тапшырдым. Биз билебиз: ар бир бала өзүнүн ырыскысы, бактысы жана берекеси менен төрөлөт.
Албетте, кээ бирөөлөр мында кыянаттык менен пайдалануу болушу мүмкүн деп айтышы ыктымал. Бирок мен чындап муктаж болгон бир дагы бала колдоосуз жана азык-түлүксүз калбашы үчүн, мамлекет муктаж эместерге бир нече ашыкча жөлөк пул төлөгөнү жакшы деп эсептейм.
Мен бир да бала көңүл сыртында калбаган Кыргызстанды куруп жатам. Биз жасап жаткан иштердин баары балдарыбыз жана Кыргызстаныбыздын келечеги үчүн».
Жаңы социалдык колдоо чарасы балдар арасындагы жакырчылыкты азайтууга жана үй-бүлөлөргө кепилденген жардам көрсөтүүгө багытталган. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, учурда Кыргызстанда үч жашка чейинки 445 миңге жакын бала жашайт.