12:20, 06 марта 2026, Бишкек - 24.kg
Бүгүн, 6-мартта саат 10:56 чамасында Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун 198-чакырымына кар көчкү түштү. Бул тууралуу «Кыргызавтожол-Түндүк» мамлекеттик ишканасынан билдиришти.
Учурда жолдо бир тараптуу каттам бар, жол кыймылы көзөмөлгө алынган.
Жеринде № 24 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери атайын техникалар менен карды тазалоо жана жолду толук ачуу иштерин жүргүзүп жатат.
Кошумча маалымат берилет.