12:08, 06 марта 2026, Бишкек - 24.kg
Өлкөдө өстүрүлгөн гүлдөр өлкө ичинде гана эмес, чет өлкөлөрдө да сатылат. Бул тууралуу Суу чарбасы, айыл чарбасы жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Кыргызстандагы гүлдөр негизинен Орусия, Казакстан, Өзбекстан, Армения жана башка өлкөлөргө экспорттолот.
2024-жылы чет өлкөгө 13 миллион 49 миң 405 гүл жөнөтүлгөн, ал эми 2025-жылы 24 миллион 99 миң 696 гүл сатылган.
Ушул жылдын алгачкы эки айында Кыргызстандан 213 миң 745 гүл экспорттолгон.
Бул экспорттолгон гүлдөрдүн көпчүлүгүн Өзбекстан сатып алганы белгиленди. Ал эми Өзбекстан кыргыз гүлдөрүнүн негизги импорттоочуларынын бирине айланган.
Айыл чарба министрлиги өлкөнүн гүл өстүрүү тармагы акыркы жылдары активдүү өнүгүп жатканын кошумчалады.