Төө-Ашуу ашуусунда кар: Бишкек-Ош авто жолуна убактылуу чектөө киргизилди

08:00, 06 марта 2026, Бишкек - 24.kg

Аба ырайынын катаал өзгөрүшүнө байланыштуу Сосновка постунда оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек-Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунда кар жаап, бороон болуп жатат.

Учурда № 9 Жол тейлөө ишканасы тарабынан жол коопсуздугун камсыз кылуу максатында инерттик материал себүү иштери жүргүзүлүүдө.

Министрлик айдоочулардан жол эрежелерин так сактоону, ылдамдыкты жогорулатпоону жана унаалар ортосундагы аралыкты сактоону өтүнөт.